ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Белоруссиядан чыгарылган пассажирдик автобусту тааныштырды

Бишкек шаарынын мэриясында белорусиялык МАЗ-206 автобустарын тааныштырды.

Тааныштырууга борбор калаанын негизги жүргүнчү ташуучулары келишти, анткени мэрия менен автобусту өндүрүүчү заводдун эки тараптуу ийгиликтүү кызматташуусунун негизинде аталган транспортторду лизингге берүү пландалууда.

Автобустардын бири мэриянын алдында көрсөтмө катары сунушталды.

МАЗ-206 автобусу жүргүнчүлөрдүн орточо жүктөлүүсүнө арналган. Автобус евро-5 экологиялык класска ээ жана дизелдик отун менен жүрөт. Техникалык мүнөздөмөсү боюнча автобуста 35 орундук бар жана ичине жалпы 72 адам батат. Ошондой эле, автобустун эки кенен эшиги бар, алардын бирине майыптар арабасы менен жүргүнчүлөр үчүн трап орнотулган. Бир автобустун баасы 80 миң долларга жакын каражатты түзөт.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Геннадий Милицкий, Шаардык транспорт башкармалыгыннын, минск делегациясы  жана жүргүнчү ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышты.