ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэриянын кызматкерлери кыргыз тил курсунда окушууда

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери окутуунун дүйнөлүк шкаласына негизделген В2 деңгээли боюнча “Кыргыз тилин үйрөнүү” 3 айлык окуу курсунда окуп жатышат.

Сабактар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору тарабынан өтүлүп жатат.


Курстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 151-б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын” ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.