ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте алты миллионунчу жаранынын төрөлүшүнүн урматына концерт өткөрүлдү

Ала-Тоо аянтында алты миллионунчу кыргызстандыктын төрөлүшүнүн урматына арналган концерт өткөрүлдү.

Алты миллионунчу кыргызстандыкты  Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, КР Президетинин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жана КР премьер-министри Темир Сариев куттукташты.


Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов алты миллионунчу кыргызстандыктын төрөлүшү менен куттуктады.


«Кече, саат 18:12де кыргызстандыктардын саны алты миллиондон ашты. Төрөлгөн наристелердин бешик боосу бек болсун! Ар бир үйгө кут консун! Балдарыбыздын  ата-энелерине көптөгөн жакшы-лыктарды каалайбыз! Ар дайым балдарыбыздын ден соолугу бекем, өмүрлөрү узун болсун! Мындан ары да кыргыз элинин саны өсө берсин. Биздин балдарыбызга ыңгайлуу шарт түзүп, жакшы билим берип, накта кыргыз элинин патриоттору кылып өстүрөлү.  Анткени, Кыргызстандын биринчи байлыгы бул - биздин элибиз. Биз канча көп болсок, өлкөбүзгө ошончо кут конот. Ар бир үйгө бакубат жашоо, тынчтык, сүйүү жана ден соолук каалайм!»,-деди калаа башчысы.


Иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын жана бий жамааттарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.


Майрамдоо түстүү фейрверк менен жыйынтыкталды.


Эскерте кетсек, ымыркай 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарында аскер кызматчысы Алмаз Кожошев жана Рахат Белекованын үйбүлөсүндө төрөлдү. Наристе үйбүлөнүн алтынчы баласы, анын 3 агасы жана 2 эжеси бар.