ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин бала бакчалары калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан шаардын санитардык абалын текшерүү уюштурулуду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Акылай» жеке бала бакчасынын айланасында курулуш таштандылары жана инерттүү материалдар чогултулгандыгы аныкталды.

Ошондой эле, аталган жердин айланасы антисанитардык абалга жетип, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулуп, санитардык нормалар сакталбаган.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан бала бакчанын ээси Айдарова К.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө»  кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.