ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардык көпүрөлөрдүн курулуш иштерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 26-ноябрда эртеӊ менен шаардык көпүрөлөрдүн курулуш иштерин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө муниципалитет башчысы Чүй проспектиси боюнча Аламедин дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн кайрадан куруу иштерин текшерди. Азыркы учурда аталган жерде жер иштери жана темир-бетондук тиркегичтерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Ауэзов көчөсү боюнча  ЖЭБ каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн кайрадан куруу иштери текшерилди. Учурда Ауэзов көчөсүнүн жээгиндеги унаа токтотуучу орундарды асфальттоо жыйынтыкталып, тротуарларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.