ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Чех Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Чех Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан жана Чехия арасында эки тараптуу кызматташуунун перспективалары, Фучик паркынын статусу жана аны чех тараптын жардамы менент өнүктүрүү талкууланды.

Ошондой эле, «Интергельпо»  чехославакиялык өндүрүш тобунун түзүлгөндүгүнүн  90 жылдыгын өткөрүү, Бишкек шаарынын КТК тармагын чех компаниясынын жана адистеринин катышуусунда  өнүктүрүү, ичүүчү суунун технологиялары, альтернативдүү энергетика, коомдук транспорт жана жарыктандыруу маселелери талкууланды.

Ишкерлер, окумуштуулар, билим берүү тармагы, маданият, спорт жана жаштар арасында тажрыйба алмашуу белигенди.

Жолугушууга Чех Республикасынын саясат маселеси боюнча Кыргызстан жана Казакстандагы элчиси  Ладислав Штейнхубл жана Чех Республикасынын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жананбаев катышты.