ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия Бишкека отправила гуманитарную помощь пострадавшим от землетрясения

Бишкек шаарынын мэриясы жер титрөөдө жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрда калаанын Эски аянтында 2015-жылдын 17-ноябрында жер титирөөдөн жабыр тарткан Ош облусунун Алга-Бас, Чайчи Кызыл-Суу, Лангар, Кара-Согот, Бек-Жар, Каблан-Көл айылдарына гуманитардык жардам жөнөтүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Мындан тышкары, мэриянын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү жабыркагандардын жардам фондуна бир күндүк айлык акысын которушту. Бишкек шаарынан жалпы суммасы 1 млн.сомго төрт жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам чогултулду.

Ар бир райондо курулуш материалдары-жыгач, азык-түлүктөр – ун, шекер, жылуу буюмдар, жууркан жана башка буюмдар чогултулду.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 21-ноябрынан 24-ноябрына чейин калаанын төрт райондук администрациясында гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттары ачылган.