ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Көп кабаттуу үйдүн куруучулары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Исанов көчөсү №1 көп кабаттуу үйүнүн куруучулары өтүүчү жолго топурак, цемент жана курулуш материалдарын таштагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында  СЭИ инспекторлору тарабынан «Юнис Курулуш» ЖЧКсынын директоруна Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.