ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ош облусунда жер титирөөдө жабыркагандарга 4 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам чогултту

Бишкек шаарынын мэриясы Ош облусунун  Алга-Бас, Чайчи Кызыл-Суу, Лангар, Кара-Согот, Бек-Жар, Каблан-Кол айылдарында жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам көрсөтүү суранычы менен шаардыктарга кайрылган.

Жабыр тарткандарга жылуу кийимдер, азык түлүктөр, мектепке керектүү окуу куралдары, курулуш материалдары керек.

Шаардык райондук администрациялардын 24-ноябрь саат 11:00го берген маалыматы боюнча 4 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам чогултулду. Ар бир райондон курулуш материалдары, азык түлүктөр, жылуу кийимдер, жууркан жана керектүү буюмдар чогултулду.


Гуманитардык жардамды чогултуу пункттары 24-ноябрь саат 12:00го чейин ар бир райондо кабыл алынат. Саат 13:00до мэриянын кызматкерлери Эски аянттан Ош шаарына жөнөтөт.


Чогултуу пунктарынын даректери:

*Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы – Жибек Жолу проспектиси №348,  байланыш номери: Мамбетжанова Аида Абдисаматовна, тел: 661886,661537, 623502, 0770708558;

 *Ленин райондук администрациясы – Чүй проспектиси №315, байланыш номери: Мамытова Жамалкан Бекмурзаевна, тел: 656888, 653876, 0551184328;

*Октябрь райондук администрациясы – Байтик Баатыр көчөсү  №17, байланыш номери: Кузнецова Татьяна Анатольевна, тел: 578901, 576380, 0550508207;

* Свердлов райондук администрациясы – Чүй проспектиси №28, байланыш номери: Борбашева Чынара Бейшеевна, тел: 360115,360707, 0772008788.

Пункттар 21-ноябрдан баштап дем алышсыз саат 9:00дон 17:00 го чейин иштейт.