ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербургдун губернатору О.Казанский менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 24-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербургдун губернатору О.Казанский менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Бишкек жана Сантк-Петербургдун экономикалык кызматташуусу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагы боюнча өз ара кызматташуусу талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2012-жылдын 21-июнундагы Бишкек шаарынын мэриясы жана Санкт-Петербург өкмөтүнүн арасында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият тармагындагы макулдашуусу боюнча протоколго кол коюлду.

Ошондой эле, 24-ноябрда саат 15:00до эки тараптуу кызматташуу боюнча Кыргыз-Санкт-Петербургдук конференция өткөрүлөт.