ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиатында диний экстремизмге күрөшүү менен чараларды көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкуловдун жетекчилиги алдында диний экстремизмге каршы-күрөшүү менен чараларды көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө Сирияда Кыргыз Республикасынын  500дөй жараны жүрөт. Алар Турция гана эмес КМШ айрым шаарлары аркылуу чыгып кетишкен.


Ошондой эле, ИГИЛдин катарына кирген көптөгөн эсктермисттер Сириядагы ИГИЛга каршы антитеррористтик операциянын күчөшүнөн башка мамлекеттерге да кирүүнү, аны менен Кыргызстанга да кирүүгө аракеттенишүүдө.


УКМК жана Октябрь районунун ИИБнын кызматкерлери коопсуздук чараларын көрүү боюнча маалымдандырды. Жалпы билим берүү мекемелеринин жана соода борборлорунун жетекчилерине күзөт кызматын күчөтүү тапшырылды. Бардык катышуучуларга КР ИИМ тарабынан иштелип чыккан атайын маалыматтык буклеттер таратылды.


Жыйынга 60тан ашык адам катышты. Анын ичинде Октябрь районунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев, УКМКнын өкүлдөрү, Ички иштер башкармалыгы, МАБдардын башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, Октябрь районунун ири бизнес мекемелеринин жана соода борборлорунун өкүлдөрү катышты.