Свердлов районунда жашоочулар менен диний экстремизмге жол бербөө боюнча жолугушуу өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 23.11.2015 11:13
Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева укук коргоо органдарынын катышуусунда район тургундары менен диний экстремизмге жол бербөө маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Свердлов районунун аймагында терроризм жана дийин экстремизмдин пайда болушуна жол бербөө жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Свердлов районунун ИИБнын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев жашоочуларды сак болууга жана шектүү адамдарды көрсө укук коргоо органдарына кайрылуусун айтты.
Иш-чарага РИИБнын башчысынын орун басары Мыктыбек Абдылдаев жана 10-бөлүмдүн башчысы С. Махмадиев катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |