ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Кыргыз Республикасынын шаарларын стратегиялык пландоо» жана «Жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын ылайыкташтыруу жана киреше мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун жолдору» аталышта семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында «Кыргыз Республикасынын шаарларында стратегиялык пландоо» жана «Жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын ылайыкташтыруу жана киреше мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун жолдору» аталышта семинар өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этника аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиги жана Ханс Зайдел Фонду менен биргелешкен курсунун алкагында вице-мэрлер, шаарлардын мэрияларынын аппаратынын жетекчилери, аппарат жетекчилери жана шаардык кеӊештин депутаттары үчүн «Бишкек – ачык мүмкүнчүлүктөр шаары» 2014-2018-жылдары Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы сунушталды. Программаны иштеп чыккандар программаны түзүү ыкмалары, аны иштетүү жана жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрлер Геннадий Милицкий, Бакытбек Дюшембиев, шаарлардын вице-мэрлери жана шаардык кеӊештердин депутаттары катышты.