ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасы бир айдын ичинде беш көчөнүн жарыктандыруусун оӊдоду

«Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасы бир айдын ичинде калаанын 5 көчөсүнүн жарыктандыруусун оӊдоп-калыбына келтирди.

 - 23-октябрда 1-ноябрга чейин Байтик Баатыр көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;

- 1-ноябрдан 10-ноябрга чейин Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин жана Ахунбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейин;

- 11-ноябрда 20-ноябрга чейин Шабдан Баатыр көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин жана Киев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин.

Эмне үчүн күндүз шам чырактар күйүп турат деген суроо менен шаар тургундары бир нече жолу кайрылышкан. Оӊдоо иштеринин жүрүшүн контролдоо жана жарыктандыруу боюнча нормативдик талаптар менен камсыздандыруу күндүзгү убакта жүргүзүлөт.

Муниципалдык келишимден пункттарынын биринде шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү каралган.

Коопсуздук иштерин камсыз кылуу үчүн «Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасы оӊдоо-калыбына келтирүү иштерин  көчөлөрдөгү жарыктандырууну жандырган бойдон  күндүзгү убакта жүргүзөт. Тармактардын эскиргендигине байланыштуу мекеме тышкы жарыктандырууну оӊдоо иштерин дайыма жүргүзүп келет.

«Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасынын диспетчердик кызматынын номери – 31-17-23.