ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов акимиаты башаламан соода менен күрөшүүнү улантууда

Свердлов райондук администрациясынын адистери күн сайын текшерип,  башалман соодага жол бербөө боюнча жеке соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

Райондун кичи базарларында жана базарларынын айланасындагы белгиленбеген жерлерде соода кылган адамдарды кайрадан жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй проспектиси «Изумруд» СБ жана «Улар» базарынын  жанындагы 19 адамдан турган башаламан соода жоюулуп, аларга «Улар» базарынан соода үчүн орун берилди. Ошондой эле, Москва көчөсү №25 боюнча  «Ак-Эмир» базарынан 15 соода түйүнү, Чүй проспектиси боюнча «Аламедин базары» СБК, Сүйүмбаев көчөсү боюнча 3 түйүн, ЦУМ Айчүрөктүн жанынан 8 түйүн жана Салиева – Ауэзов көчөсү боюнча «Чынар» базарынан 20 түйүн жоюлду.


Бөкөнбаев – Усенбаев көчөлөрү боюнча башалман түйүндөрүнөн жалпы суммасы 2,2 миӊ сом  товар чыгарылды. Мындан тышкары, жыл башынан бери жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө керектүү каражаттар чыгарылды: 21 ченөөчү аспаптар, 8 даана узарткыч, 12 даана стол, 13 даана стул, 18 даана кол чатыр.

Азыркы учурда райондун аймагында башаламан сооданы жоюу үчүн 5 мобилдүү топ иштейт: «Ак-Эмир» кичи базары, ЦУМ-Кабар районунда, Чыгыш-5 кичи району, Аламедин районунун аймагында, Аламедтн-1 Чынар базарынын аймагында.