ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар мэри «Калыс-Ордо» жаӊы конушундагы мектептин курулуш иштерин текшерди

2015-жылдын 18-ноябрда муниципалитет башчысы Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо» жаӊы конушундагы мектептин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Жалпы билим берүү мектеби 750 окуучулук орунга ылайыкташтырылып, TBEA Кытай компаниясынын грантынын эсебине курулууда.

Бүгүнкү күндө имараттын 5 жумушчу блогунда темир-бетондук каркасты куруу боюнча иштер жүргүзүлүп, «0» кабаты 2015-жылдын декабрь айынын аягында бүткөрүлөт.

Маалымат: «Калыс-Ордо» конушу Өкмөттүн токтому менен 2002-жылы түзүлгөн. Жалпы аянты 135 га.