ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри 8- кичи райондо көчмө жыйын өткөрдү

2015-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, «Бишкекбашкыархитектуранын» өкүлдөрүнүн  катышуусунда калаанын 8-кичи районунун тургундарынын кайрылуусу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Шаар тургундары жүрүүчү жолду жана тротуарды уюштуруу маселесин чечип берүүнү суранган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында калаа башчысы Октябрь райондук администрациясынын башчысына жакынкы аралыкта бетондолгон тосмолорду алуу, ошондой эле, архитекторлор менен биргеликте кичи райондун ичиндеги жол кыймылын уюштуруу маселесин чечүүнү тапшырды.