ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Ак-Босого» жана «Дордой» конуштарындагы мыйзамсыз курулуштарды буздурууну милдеттендирди

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан «Ак-Босого» жана «Дордой» жаӊы конуштарында тиешелүү уруксат документтерисиз, муниципалдык жердин эсебине курулган мыйзамсыз эки дубалдын курулушу аныкталды.

Жер тилкелеринин ээлерине «Аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө» эскертүүсү берилип, аны аткарууда «Ак-Босого» конушу Чүй көчөсү 21, 51 үйүндө 2 м х 25 м өлчөмүндөгү курулуш жана «Дордой» конушу №825 дарегиндеги 20 х 2.20 м дубалдын курулушу үй ээлеринин өз ыктыяры менен түрттүрүлдү.