№9 Бишкек шаардык үйбүлөлүк медициналык борбору 20 жылдык мааракесин белгиледи
- Подробности
- Опубликовано 16.11.2015 14:20
Бишкек шаарынын №9 үйбүлөлүк медициналык борборунун түзүлгөндүгүнө 20 жыл толду.
№9 Үйбүлөлүк медициналык борборунун айрым кызматкерлери жемиштүү эмгеги үчүн Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
№9 ҮМБ калаадагы алдыӊкы саламаттыкты сактоо мекемелеринин бири. Бүгүнкү күндө борборго 58,0 миӊ адам катталган, ал эми 69,0 миӊ адамды тейлейт. Үйбүлөлүк медициналык борбор 1995-жылы шаардык стоматологиялык поликлиникасынын базасында негизделген.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары А.Иманбаев, Саламаттыкты сактоо кызматкерлер профсоюзунун республикалык федерациясынын төрагасы Н.Саалиев, ММКФ БШБнын директору Б.Момбеков, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору К.Кулбатыров, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары, Свердлов жана Октябрь райондук администрациялардын өкүлдөрү жана шаардык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |