ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча шаардык чемпионат өткөрүлдү

Калаада грек-рим күрөшү боюнча Ачык чемпионат өткөрүлдү.

Мелдештин салтанаттуу ачылышы калыстардын  жана мелдештин катышуучуларынын парады менен башталды.


Мелдешке 75тен ашык спорттук клубдардын жана шаардык мектептердин спортчулары катышууда.


Аталган мелдештин биринчи күнү 59кг, 71кг, 80 кг, жана 98 кг салмактагы спортчулар күрөшөт.


Салтанаттуу ачылышына Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Абдужалил Юнусов жана Бишкек шаарынын күрөш федерациясынын президенти Эдиль Касенов катышты.


«Калаанын Ачык чемпионаты жогорку деӊгээлде өтөт деп ишенем. Мындай иш-чараларды өткөрүү спорттук чеберчиликке жакшы таасир берет. Катышуучуларга ийгиликтерди каалайм»,-деди Абдужалил Юнусов.


Эскерте кетсек, чемпионат 13-14-ноябрь күндөрү өткөрүлдү. Экинчи күнү мелдешке салмактык категориясы 66кг, 75кг, 80кг жана 130 кг чейинки спортчулар күрөштү.