ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте спорттук мекемелерде ВИЧ-СПИД, баӊгизатты алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

2015-жылдын 13-ноябрда СДЮШОРдо (жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебин) «Спорттук мектептерде ВИЧ-СПИД, баӊгизатты алдын алуу» темасынын алкагында семинар өткөрүлдү.

Тренинг Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин колдоосунда Шаардык СПИДдин алдын алуу боюнча борбор, ошондой эле, Республикалык наркология борбору менен биргеликте өткөрүлдү.


Семинарга спорттук мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, методисттер жана дарыгерлер чакырылды.


Семинар-тренингди Республикалык наркология борборунун нарколог дарыгери Елена Бородина ачып, семинардын максатын айтып өттү.


Ошондой эле, «Балдар жана өспүрүмдөр арасында СПИДди алдын алуу  боюнча иш-чараларды өткөрүү» темасында Шаардык СПИДдин алдын алуу боюнча борборунун  адиси Жаркынай Султанова айтып берди.


Аталган семинар тренингдин башкы максаты баӊгизат көйгөйү боюнча мугалимдердин маалыматын жогорулатуу жана аны алдын алуу болуп эсептелет.