ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы ЕРӨБ долбоорунун алкагында жаӊы таштанды челектеринин биринчи партиясын алды

Бишкек шаарынын мэриясы 13-ноябрда ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурду.

Пресс-турдун жүрүшүндө Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын «Бишкек шаарындагы кургак тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорунун алкагында сатылып алынган жаӊы таштанды челектеринин биринчи партиясы алынып келингендиги айтылды.


Аталган долбоордун алкагында КТК үчүн контейнерлерди сатып алууга тендер жарыяланган. Тендерди «Азияавтоцентр» ЖЧКсы жана «РГ-техно» жеӊип алды.
Бүгүнкү күндө «Азияавтоцентр» ЖЧКсынын аймагында 600 цинктелген темирден жана 300 пластикалык контейнерлер алынды.


Пластикалык контейнерлер калаанын мектептерине орнотулат. Ошондой эле, курулуш таштандылары үчүн чоӊ контейнерлер алынып келүүсү күтүлүүдө.


Жаӊы контейнерлер европалык стандарттар менен жасалып, болжол менен 15 жыл колдонууга болот.


Контейнерлердин кийинки партиясы төрт айдын ичинде алып келүү пландалууда.


2015-жылдын сентябрь айында шаардык муниципалитет «Бишкек шаарындагы кургак тиричилик калдыктарын башкаруу  тутумун жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча КР Финансы  министрлиги менен субкредиттик келишим түзгөн.


Бишкек шаарындагы кургак тиричилик  калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу жакшыртуу максатында 2013-жылдын 10-майында «Бишкек шаарындагы КТК башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы арасында келишим түзүлгөн.


Долбоордун жалпы наркы 22 млн.сомду түзөт.


Аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында 34 бирдик атайын техника, таштанды үчүн бир нече миӊ таштанды контейнерлери алынат. Ошондой эле, таштанды иргөөчү завод калыбына келтирилет.