ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы whatsapp колдонмосунун жардамы менен аткарылган иштердин жыйынтыктарын билдирет

Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын 2-сентябрдан 12-ноябрга  чейин райондук администрациялардын акимдеринин орун басарларынын whatsapp колдонмосуна таштандынын чыгарылбагандыгы тууралуу 1084 арыз келип түшкөндүгүн билдирет.

Ленин районунун акиминин орун басарынын телефонуна 201 кайрылуу келип түшкөн. Алардын аткарылганы 165 кайрылуу, 26 кайрылуу райондорду алмаштырып алган, 8 кайрылуу сунуш катары, 2 кайрылуу «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» мекемелерине жөнөтүлдү.


Октябрь району боюнча 504 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен: 398 кайрылуу аткарылды, 1 шаар тургуну районду алмаштырып алган, 10 кайрылуу иштелүүдө.
Биринчи май райондук администрациясына 251  кайрылуу келип түшкөн, алардын бардыгы аткарылды.


Свердлов районуна 128  кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 72  кайрылуу, 2 тургун райондорду алмаштырып алышкан, 21 арыз учурда иштелүүдө.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан чыгарылбаган таштандылар боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылууларын суранат:


Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин  району) — 0556 25-05-82;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;

Омукеев Акматалы Абдымаликович (Биринчи май  району) — 0771 57-71-82;

Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов  району) — 0773 56-73-70.