ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай курулуш департаменти үч мыйзамсыз курулушту буздурду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеӊейтип алгандарды аныктады. Аталган бузуулар Чүй көчөсү №52, №7 үйү, «Ак-Босого» конушунда 2х25 м дубалдын курулушу жана Баррикадный, 12-14 (Жумушчулар шаарчасы) 18,8м х 5м өлчөмүндөгү капиталдык дубалдын курулушу.

Аталган бузууларды четтетүү үчүн Департамент тарабынан Чүй көчөсү 52, №7 үйүнүн ээси Узакбаев С.Э.нин атына «Аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө» эскертүүсү берилип, эскертүүнү аткарууда дубал өз ыктыяры менен түрттүрүлүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.


Баррикадный көчөсү 12-14 дарегинин жашоочусу Кенжебаев А.И.ге да эскертүү берилген. Эскертүүнү аткарбагандыгына байланыштуу материалдар Ленин райондук сотуна жиберилди. Соттун чечими менен Кенжебаев А.га 10 миӊ сом өлчөмүндөгү айып салынып, жер тилкесин баштапкы абалга келтирүү милдеттендирилди.


Ленин райондук сотунун  токтомуна ылайык капиталдык дубал жана чарба курулушу буздурулуп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.

 

Чуй №52 дом 7:

ул. Баррикадная, 12-14: