ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрияда пландык жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги алдында вице-мэрлердин, райондук администрациялардын башчыларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын башында өткөн жыйында берилген протоколдук тапшырмаларды аткаруусу боюнча отчеттор угулду.


Жыйында аз камсыздалган үйбүлөлөргө бекер көмүр таратуу, мектептин жанында алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу, шаардын негизги базарларында башаламан сооданын абалы, мыйзамсыз орнотулган жеӊилдетилген типтеги объектилерди буздуруу жана иретке келтирүү, «Тазалык» МИ иштери, шаарды жаӊы жылга даярдоо, ошондой эле, шаардык жер алдынан өтүүчү өтмөктөрдөгү соода иштерин текшерүүнүн жыйынтыктары талкууланды.


Райондордун акимдеринин айтуусу боюнча, спирттик ичимдиктерди сатуу боюнча дайыма текшерүү жүргүзүлүп турат. Муниципалдык менчик башкармалыгына жана Бишкек башкы архитектурага жер берүүдө кандай максатта берилип жаткандыгын аныктоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле, Капиталдык курулуш башкармалыгына «Көк-Жар» конушундагы бала бакчанын курулуш иштерин бүтүрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.