ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада РОРУ жана №38 мектеп гимназиясынын иштеринин абалы боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги алдында Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынын жана №38 мектеп интернатынын окуучулары арасындагы жаӊжалдын жыйынтык иштери боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө №38 мектеп гимназиясынын окуучуларынын коопсуздугу, мектептин айланасын жарыктандыруу, эки тараптын элдешүүсүнө атайын программа иштеп чыгуу талкууланды.


Жыйынтыгында окуу учурунда жана окуудан тышкаркы учурда коопсуздукту сактоо үчүн ички иштер кызматкерлери менен камсыз кылуу, эки тарапты элдештирүүгө багытталган маданий-массалык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, социалдык-психологиялык кызматтар өспүрүмдөр менен  иштөөнү тездетүү чечилди.


Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте олимпиадалык резервдин тарбиялануучуларына жана мектеп окуучуларына бирге ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүү жана жакын арада №38 мектептин тышкы жарыктандыруусун орнотуу тапшырмасы берилди.


Жыйынга вице-мэр Айгүл Рыскулова, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, №38 мектептин директору жана шаардык ИИББнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү катышты.