ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада түрк лидери Мустафа Кемаль Ататүрктүн эстелиги ачылды

Ахунбаев көчөсүндөгү Ататүрк сейил багында 10-ноябрда түрк лидери Мустафа Кемаль Ататүрктүн эстелигин ачуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов салтанаттуу ачылыш азем менен куттуктап, ТИКА уюмуна тереӊ ыраазычылык билдирди.


Ататүрк сейил багына 1995-жылы көрүнүктүү саясий жана аскер ишмери, Түрк Республикасынын алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн ысмы ыйгарылган.


Ататүрк паркынын айлана-чөйрөсүн оңдоо иштери 2015-жылы ТИКА тарабынан аткарылды. Тротуардагы эски таштар (плиткалар) чыгарылып жаңылары тагылды, парктагы отургучтар жаӊы отургучтарга алмаштырылып, таштанды урналары,  жарыктар орнотулду жана Ататүрктүн эстелиги реставрацияланды. Ошондой эле, жарыктандыруусу менен ТИКАнын жазуусу (табличкасы) коюлду.


Аталган иш-чарага Кыргызстандагы түрк элчилигинин өкүлү Метин Кылыч, ТИКАнын координатору Сейит Али Авду, Кыргыз-Түрк «Манас»  университетинин жетекчилиги, кызматкерлери жана студенттери катышты.