ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда аз камсыздалган үйбүлөлөргө көмүр таратылып бүттү

Октябрь районунда аз камсыздалган үйбүлөлөр, пенсионерлер жана 1-2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар акысыз көмүр менен камсыздалды.

2015-2015-жылдын кыш мезгилине даярдыктарды көрүү максатында Октябрь районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы көмүргө тендер өткөрүп, 750 тонна көмүрдү муктаж болгондорго таратып берди.


Мындай тизмеде Октябрь району боюнча 500 үйбүлө катталган. Бүгүнкү күндө ар бир үйбүлөгө 1,5 тоннадан көмүр берилди.


Аталган жардамды алгандар жалгыз жашаган пенсионерлер, 1-2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 6244 сомго чейин пенсия алгандар, үйүндө пенсионерлери жана 1-2-топтогу ден соолугунан чектелген адамдары барларга, орточо кирешеси 4959 сомду түзгөндөргө, аз камсыздалган үйбүлөлөргө жана жакыр үйбүлөлөргө берилди.