ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Шаардык сүйлөшүүлөр» долбоорунун алкагында таштандыларды башкаруу темасында экинчи жолугушуу өткөрүлдү

Бишкекте «Шаардык демилгелер» фонду тарабынан уюштурулган «Шаардык сүйлөшүүлөр»   долбоорунун алкагында жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү агенттигинин катышуусунда өттү.

Биринчи жолугушууда  шаардык полигондун көйгөйлөрү, анда таштанды иргеген жумушчулардын иштери  талкууланган. Бул жолу шаардын таштанды башкаруу тутумунун канчалык деӊгээлде эффективдүү иштеп жаткандыгы талкууланды.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты. Анын айтуусу боюнча, учурда шаар таштандыдан арылып, жакшырылп жатат.


«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысы бир топ жогорулады. Таштанды чыгаруучу унаанын айдоочулары көбүрөк акы ала баштады. Бирок, таштанды чыгаруу үчүн төлөмдөрдө көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө шаардын 1,5 млн. тургунунун таштанды үчүн 560 миӊи гана төлөшөт, калгандары төлөбөйт. Таштандынын тарифи 15 сомду түзөт. Жаӊы жылдан баштап таштандыга болгон бааны 25 сомго чейин жогорулатабыз»,-деди калаа башчысы.


Аталган жолугушуу  калаанын жигердүү жашоочуларынын, ишкерлердин жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн талкуусу менен улантылды.