ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун мектептеринде диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

2015-жылдын 27-октябрнан 12-ноябрга чейин Биринчи май районунун жалпы билим берүү уюмдарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу жана диний эктремизм, терроризмди токтотуу боюнча лекциялар өткөрүлүүдө.

Анда район башчысы Аскербек Алиев, ИИББнын башчысы, райондун УКМК жана прокуратурасы катышууда.


Аталган лекциялар окуучулар арасында диний экстремисттик көрүнүштөргө тыюу салуу жана тарбия иштерин тездетүү максатында өткөрүлүүдө.


Бүгүнкү күндө лекциялар №№86, 81, 75, 18, 78 жалпы билим берүү мектептеринде окулду. Мындай багыттагы иштер улантылууда.