ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу маданият тармагынын кызматкерлери!

    Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден  куттуктаймын!

Бүгүн Маданият башкармалыгынын түзүлгөндүгүнө 70 жыл толуп жатат.   


Элибиздин рухий турмушундагы маданият чоӊ мааниге ээ.     


Азыркы мезгилде республикада  миңдеген маданият кызматкерлери эмгектенсе, алардын басымдуу көпчүлүгү борбор шаарыбыздын үлүшүнө туура келет. Ошондой эле, театрлардын, музейлердин, китепканалардын, балдар музыкалык мектептери жана жогорку окуу жайларынын басымдуу бөлүгү да баш калаабызда жайгашкан.

 

Шаарыбыздын маданият тармагынын кызматкерлери көптөгөн көйгөйлүү маселелерге карабастан, маданият мекемелеринин үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү ишин камсыз кылып келе жатышат. Албетте, Сиздердин аткарган ишиңиздер айрым учурларда татыктуу белгиленбей, көңүлдөн четте да калышы мүмкүн, бирок эмгегиңиздер элибиздин алкоосуна татыктуу жана маанилүү экендигин баса белгилеп кетким келет.

Урматтуу шаарыбыздын маданият тармагынын кызматкерлери!


Сиздерди Бишкек шаарынын мэриясынын жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу  куттуктаймын! Чың ден-соолукта болуңуздар, элибиз үчүн аткарган эмгегиңиздер үзүрлүү болуп, зор ийгиликтерге ээ болуңуздар! Ишиңиздерге жаратмандык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!