ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын аймагында жайгашкан мечиттерди мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында  калаа мэри Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги алдында КМДБ жана Бишкек Казыятынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мечиттерди мыйзамдаштыруу жана Борбордук мечиттин курулушу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мындан ары техникалык коопсуздукту сактоодо, курулуш нормаларын жана документтерди жолжоболоодо көйгөйлөр чыкпастыгын белгиледи.

«Мэрия жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен документтерди жолжоболоодо биргеликте  иш алып баруу жана мыйзамды сактоо керек. Мэрия документтерди жолжоболоодо жардам берет»,-деди калаа башчысы.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, КМДБ, Бишкек шаарынын Казыятынын өкүлдөрү, райондордун акимдери жана архитекторлору, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана «Бишекбашкыархитектура» катышты.