ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы тез жардам кызматына 12 автоунаа тапшырды

2015-жылдын 30-октябрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов  зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдыктар менен камсыздалган, жалпы суммасы 15,2 млн сомду түзгөн 12 автоунааны Бишкек шаардык медициналык тез жардам станциясына тапшырды.

Өз сөзүндө Кубанычбек Кулматов бардык медициналык тез жардам кызматкерлерин куттуктап, жаӊы алынган унаалар менен кардарларды тез жана сапаттуу тейлерин билдирди.


«Жаӊы унаалар медициналык тез жардамдын иштөө сапатын жогорулатат жана жарандарга өз убагында жардам берет»,-деди калаа башчысы.


Автоунааларды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен каражат бөлүндү. Азыркы учурда станциянын балансында 36 тез жардам кызматынын автоунаасы бар.


Жаӊы 12 автоунаа адистештирилген топтор арасында бөлүштүрүлөт: балдар реаниматологиясына, акушер-гинекологическая, кардиологиялык жана  инсульттук  бригадага.


Учурда шаардык тез жардам станциясынын балансында 36 автоунаа бар болчу, эми 103 кызматынын автопаркында 48 унаа болду.


Унаалардын маркасы Golden dragon (япониялык Toyota'нын аналогу).


Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров, ошондой эле, Шаардык медициналык тез жардам станциясынын кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.