ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун тургундары ишембилик уюштурду

Биринчи май районунун №13 жана 14 МАБдын аймагында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө «Молодежный» сейил багы, Махатма Ганди-Баялинов жана Тулебердиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги токойлор тазаланды.

Тулебердиев көчөсүнө узундугу 300 м ашык жолго майда таштар төгүлдү. Буга райондук бюджеттен 129 500 сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү.

Таштандыларды чыгаруу үчүн 2 бирдик жүк ташуучу транспорт тартылып, 140 куб метр таштанды чыгарылды.

Аталган ишембиликке ИСИТОну 60 студенти, 40 медресенин окуучусу, 16 кварталдык комитеттердин төрагалары жана МАБдын аппаратынан 20 адам катышты.

Калаанын санитардык тазалыгы жана көрктөгндүрүү боюнча эки айлыгынын алкагында жалпысынан ишембиликке 210 уюмдар 3679 адам катышты. 9 атайы бирдик тартылып, 156 300 кв. м аянт тазаланды. 950 кв. м чөп чабылып, 113 куб. м таштанды чыгарылды жана узундугу 3930 метр арыктар тазаланды.