ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урумчи шаары Бишкекке 10 автобус белек кылды

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Урумчи шаарынын партиялык комитетинин катчысы Чанцзи Чжу Хайлунь 30-октябрда Бишкек менен Үрүмчү шаарларынын ортосунда ар кандай тармактарда кызматташууну бекемдөө жөнүндөгү Меморандумга кол койду.

Кытайдан келген делегация биринчи жолу калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун чакыруусунда Бишкекке келишти. Кытай делегациясынын курамында 14 адам, анын ичинде Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун партиялык кызматкерлери, Урумчи шаарынын биринчи вице-мэри, ошондой эле, чоӊ ишкерлер.

Достук байланышты өнүктүрүү максатында Урумчи шаары Бишкек шаарына кайтарымсыз негизде 10 автобус белек кылды.

Бишкек шаарына эки күндүк сапарынын алкагында Кытай делегациясы КР Соода-өндүрүш палатасына, ошондой эле, Мамлекеттик тарых музейинде «Кыргызстандын алтыны» жана «Кыргыз элинин күмүш жасалгалары»   экспозициясына барат.