ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак –жай курулуш департаменти мааракесин белгиледи

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаментине 10 жыл толду.

Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада Бишкек шаарынын мэриясы Департаменттин кызматкерлерин  Бишкек шаарынын  жеке турак-жай курулуш тармагын өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн грамоталарды тапшырды.

Аталган мекемени куттуктоо үчүн Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, Жогорку жана Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары, КР Мамкурулуштун жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери келишти.

Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев өзүнүн куттуктоосунда Жеке турак-жай курулуш департаментинин иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, кызматкерлердин  жогорку кесипкөйлүүлүгүнө, иштерине берилгендигине жана  алгылыктуу эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди жана бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов  Жеке турак-жай курулуш департаментинин жамаатын эртеӊ менен жолукканда куттуктады.