ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы оор кырдаалга туш болгон балдар менен иштөөнү улантууда

Бишкек шаарында 9 айдын ичинде  коркунучтуу топтогу 11899 үй чарбасы менен иштөө өткөрүлдү. Изилдөөнүн жүрүшүндө 1283 бала мигранттардын үйбүлөсүнөн экендиги аныкталды.

Алардын ичинен: документтери жок туугандарында жашаган 133 бала, камкорчулук, көзөмөлчүлүк алдында – 47 бала,  224 бала калыбына келтирүү борборунда жана балдар үйүнөн  экендиги аныкталды, 11 бала иштейт, 112 бала туулгандыгы тууралуу  күбөлүгү жок.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын райондук администрацияларында  азыркы учурда балдарга карата ырайымсыз мамилени  жана зомбулукту алдын алуу боюнча штаб түзүлдү.