ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов муниципалдык менчикке кайтарылган бала бакчанын даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов  муниципалитетке кайтарылып берилген №78 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин даярдыгын текшерди.

Мурда аталган имаратты Биринчи май районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы ээлеп келген.

Бала бакча 120 балага ылайыкташтырылып, капиталдык оӊдоо жүргүзүлдү.  Окутуу эки тилде: кыргыз жана орус тилде жүргүзүлөт. Аталган бала бакча жакында ачылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, жаӊы бала бакчага 145 балага жолдомо жазылып берилди.