ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында кезектеги пландык жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги алдында вице-мэрлер, райондук администрациялардын башчыларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйында «Достук» кичирайонунда укук коргоо органдары тарабынан  өткөрүлгөн атайы операциядан кийинки абал, Бишкек шаарынын мэриясына келип түшкөн шаар тургундарынын  кайрылуулары, ошондой эле, калаанын аймагындагы укук тартиптер  жана коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

БШИИБнын башчысынын орун басары Аскат Султаналиевдин  билдирүүсү боюнча, ИИББнын жеке курамы штаттык режимде иштеп жатат жана коркунучтуу бузуулар катталган жок.

Жыйынтыгында калаанын коммуналдык кызматтары менен биргеликте тутумдуу иш-чараларды өткөрүү чечилди.  Ошондой эле, Бишкек шаарынын ИИББна райондук администрациялар менен биргеликте Ош базарынын айланасындагы башаламан сооданы токтотуу жана иретке келтирүү иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.