ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте сууктун башталышы менен туруктуу үй-жайсыз адамдарга баш калкалар жайлар ачылат

Калаанын аймагында туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн  туруктуу жана убактылуу негизде мекемелер иштейт.

Биринчи май районунун аймагында туруктуу негизде 70 кишиге ылайыкташтырылган «Коломто» баш калкалар жайы иштейт. Ал жактан 2015-жылы стационардык мекемеге – 46 адам жиберилди. Анын ичинде: 14 адам кургак учук ооруканасына, 8 адам интернаттык мекемелерге жиберилди. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган 11 адамдын жакындары табылды, 8 адамдын документтери калыбына келтирилди жана 4 адам турган жерине жиберилди.


«Коломто» мекемесин жакшыртуу максатында үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аталган мекемени оӊдоо үчүн кошумча каражат бөлүнүп берилди.

 

Жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен үйсүздөргө акысыз түнөө, бир маал тамактануу, дары-дармектер, мончо-кир жуугуч кызматтары көрсөтүлөт.


2015-2016-жылдын кышкы мезгилине туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн бир маал тамактануу жана түнөө үчүн баш калкалар жайларды ачуу пландалууда.


Свердлов районунда: Фере көчөсү №34 «А». Бул жай 40-50 адамды кабыл алат. Азыркы учурда аталган жайдын оӊдоо иштери,  төшөк, матрас, шейшеп, жаздыктарды сатып алуу жыйынтыкталууда жана меш орнотулуп, 6 тонна көмүр алынып келинди.


Октябрь районунда: А.Токомбаев көчөсү Октябрь районунун көрктөндүрүү боюнча комбинаттын аймагында 60 адамга ылайыкташтырылган бир маал ысык тамак менен камсыздаган баш калкалар жай ачылат.


Мындан тышкары, туруктуу негизде Ленин районунда «Кайрымдуулук борбору» иштеп келет. Аталган жай 28 баласы менен 20 эне  үчүн бир маал тамактануу жана түнөө үчүн даярдалган.