ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар күнүнө карата дагы бир иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарынын 137 жылдыгын майрамдоонун алкагында Биринчи май райондук администрациясы майрамдык концерт уюштурду.

Шаар тургундары үчүн «Тамашоу» жана Шайыр тапкычтар клубу («Позитив» командасы), райондун аймагында жайгашкан музыкалык учлилищада, ЖОЖдордо окугандар майрамдык концерт тартуулашты. Ошондой эле, “Авангард”-Арт дефилеси көрсөтүлдү.

Ар түрдүү конкурстар жана флешмобдор уюштурулду. Жеӊүүчүлөр үчүн райондук администрация тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн футболкалар, “Ретро-Метро” түнкү клубуна чакыруулар, “Империю пиццы” жана “Золотой ресторанына” тамактанууга тастыктамалар берилди.

Концерт кыргыз эстрада жылдыздары - Иса Омуркулов, Гульзада Рыскулова, Нэна, “Нон стоп” дуети,  Мээрим Карыпова жана «Санжыра» бий тобу, “Энергобит” добулбасчылар тобу, Айыма  Айылчиева жана  Аяна Касымованын катышуусунда шаӊга бөлөндү.