ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунун административдик комиссиясынын иштеринин жыйынтыктары

Калаанын Свердлов районунун  административдик комиссиясы 35 жыйын өткөрдү.

Анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын (СЭИ), Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (ЦГСЭН), «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын райондук башкармалыгынын (РУГИЭТБ), Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын шаардык  башкармалыгынын материалдары каралды.


Эки жыйын жерлеринде өткөрүлдү.


Бардыгы 273 материал келип түшкөн. Алардын ичинен:


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы – 192;


Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (ЦГСЭН) – 58;


«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы – 17;


Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын райондук башкармалыгы – 6;


Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын шаардык  башкармалыгы – 1.


Бардыгы 113 протокол каралып, 100 мыйзам бузуучуга административдик айып салынды. Жалып суммасы 126 200 сомду түздү.


11 жаранга «Тазалык» МИ менен түзүлгөн келишимди убагында СЭИ инпсекторлоруна көрсөтпөгөндүгү үчүн эскертүү берилди.


2 иш укук бузуучунун жоктугунан токтотулду.


Ошондой эле, административдик айыптар салынды:


№488 беренеси боюнча (көрктөндүрүү эрежелерин бузуу) 81 бузуучуга жалпы суммасы 99 000 сом айып салынды.
№489 беренеси боюнча (белгиленбеген жерге таштандыларды төгүү жана өрттөө) 9 бузуучуга жалпы суммасы 13 000 сом айып, ошондой эле, №487 беренеси боюнча  3 бузуучуга 4000 сом айып салынды.

№302 берене боюнча (белгиленбеген жерге соода кылуу) 6 бузуучуга жалпы суммасы 9 200 сом жана №90 берене боюнча 1 бузуучуга 1000 сом айып салынды.