ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда кезектеги жыйын өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында башчылардын орун басарларынын, МАБдардын башчыларынын жана райондук кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда кезектеги жыйын өткөрүлдү.

Жыйында райондун экономикасы, 3 кварталда аткарган иштери жана 2015-жылдын 4 кварталына койгон маселелери, райондун аймагындагы 2015-2016-жылдарга карата жылуулук мезгилине даярдыктардын жүрүшү жана калкты социалдык жактан коргоо (паспорттоштуруу, көмүр менен камсыз кылуу, туруктуу үй жайы жок жарандардын баш калкалар жайы) маселелери каралды.


Жыйындын жыйынтыгы боюнча МСКБ райондун социалдык фонду менен биргеликте планды аткаруу боюнча  салыктарды чогултууну тездетүү тапшырмасы берилди. МАБдардын башчыларына райондун мамлекеттик салык кызматынын шаардык башкармалыгына жергиликтүү салык чогултууда жардам көрсөтүү, ошондой эле, райондун ИИБ менен биргеликте башаламан соода түйүндөрүн жоюу, борбордук көчөлөргө өзгөчө көӊүл буруу, ал эми  райодук кызматтарга мекемелерди жылытуу мезгилине карата тиешелүү даярдыктарды көрүү милдеттендирилди.  Жетектөөчү башчылардын орун басарларына, райондун Энергосбыт бөлүмүнүнө, МАБдардын башчыларына калктын дебютордук карыздарын кыскартуу боюнча иштерди тездетүү, ошондой эле, буу казандарын, жылуулук, суу  түтүктөрүн жана канализациялык түйүндөрүнө оӊдоо иштерин жүргүзүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди.


МАБ, райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон үйбүлөлөргө, балдарга жардам берүү, аз камсыздалган үйбүлөлөргө  социалдык жана турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди тездетүү тапшырылды.


«Коломто» мекемесине тез арада оӊдоо иштерин бүтүрүү жана турак-жайсыз жарандарды кабыл алуу үчүн керектүү  шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.