ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон балдарга жардам берүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча,  2015-жылдын 9 айында райондук администрациялардын алдында түзүлгөн балдар иши боюнча комиссия тарабынан 87 жыйыны өткөрүлдү.

Комиссияда балдарга тиешелүү 775 иш каралды.

Жыйынтыгында 299 бала балдарды калыбына келтирүү борборуна, 17 бала адистештирилген балдар үйүнө жиберилди.

Мындан тышкары, өз милдеттерин аткарбаган ата-энелерге 31 миӊ өлчөмүндөгү административдик айып салынды.

209 бала интернаттык типтеги мекемеден чыгарылды, 327 үйбүлө үчүн жеке иштеринин планы жана 88 бала үчүн аларды коргоо боюнча жеке план бекитилди.