ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын санитардык абалы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан Ленин районунун санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор көчөсү №30 дарегинде жайгашкан «Аквамастер» ЖЧКсынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.


Ошондой эле, Бакаев – Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишине 2015-жылга  кургак тиричилик калдыктарын чыгарууда келишим түзбөстөн «Мерседес Бенц 410» унаасы менен 1м куб. өлчөмүндөгү таштандыны таштап жаткандар аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан «Аквамастер» ЖЧКсынын директору Манасбеков Н.М.дин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.