Урматтуу шаардын социалдык өнүктүрүү тармагынын кызматкерлери!
- Подробности
- Опубликовано 19.10.2015 16:15
Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар – социалдык коргоо жана профсоюз кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Сиздердин ишиӊиздер өтө жоопкерчиликтүү, коомчулук үчүн абдан маанилүү жана баа жеткис.
Сиздер кыйын турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга жардам берүүдө эмгегиӊиздер зор. Сиздердин жылуу мамилеӊиздердин аркасынан кыйын кырдаалга туш болгон балдар жана чоӊдор өздөрүн коомдо толук кандуу сезишет.
Сиздердин алдыӊыздарда аз камсыздалган калктын жашоо тиричилигин жогорулатуу, балдардын укугун коргоо боюнча социалдык жардам көрсөтүү маселелери турат.
Урматтуу социалдык коргоо кызматкерлери!
Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик, чыдамкайлуулук жана үйбүлөлүк бакубат жашоо каалайм!
Сиздерди тереӊ урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |