ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында 2015-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешесин аткаруу боюнча жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында биринчи вице-мэр Замирбек Малабековдун жетекчилиги астында 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин кирешесин аткаруу маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө салык кызматынын салыктарды чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте иш алып баруу талкууланды.


Муниципалдык менчик башкармалыгына колдонууга берилген муниципалдык жерлердин  ижара акысынын төлөнгөндүгү текшерүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле, райондук администрациялардын башчыларына салыктарды чогултуу боюнча иштерди тездетүү тапшырылды.


Иш-чарага райондук администрациялардын башчыларынын орун басарлары, Бишкек шаарынын Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы жана соода экономика бөлүмүнүн жетекчлери катышты.