ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте калаа башчысынын катышуусунда шаар күнүнө арналган веложүрүш өткөрүлдү

Бишкекте 17-октябрда «Ала-Тоо» аянтында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда Шаар күнүнө арналган веложүрүш өткөрүлдү.

Ага бардык каалоочулар, велоспортту жана жашоонун сергек мүнөзүн сүйүүчүлөр болуп,  300 гө жакын адам катышты.


Салттуу веложүрүштү Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда «Ретро FM» радиостанциясы уюштурду.


Иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугу үчүн жарыштын каттамындагы көчөлөр Бишкек шаарынын ИИББ жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан тосулду.


Жамгырга карабастан веложүрүштүн бардык катышуучулары марага чейин келишти.