Жылытуунун берилиши аба-ырайынан көз каранды
- Подробности
- Опубликовано 16.10.2015 12:56
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардын үйлөрүн жылытуу аба-ырайынан көз каранды экендигин билдирет.
«Бишкек шаарында от жагуу мезгилинин башталышынын жана аякташынын критерийлери жөнүндө» буйругуна ылайык тышкы абанын орточо суткалык температурасы катары менен 5 күн аралыгында +8 °C төмөн болгон учурда от жагуу мезгили башталат жана тышкы абанын орточо суткалык температурасы катары менен 5 күн аралыгында +8 °C жогору болгон учурда от жагуу мезгили аяктайт.
«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК жана Бишкек шаарынын ЖЭБ алдыдагы жылытуу мезгилине даяр.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |