ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон балдарга арналган тегерек стол өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясы КЭУ Ассоциациясы менен биргеликте  «2015-2018-жылдары турмуштук кыйын кырдаалдагы балдарды коргоо боюнча мэриянын шаардык иш-чаралар планынын алкагында ведомстволор аралык аракеттешүү механизми» темасында тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар балдар көйгөйүн чечүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүштү.


Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаевдин презентациясында турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон балдарга карата мэриянын өткөргөн иштерин көрсөтүлдү.


Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча жыл башынан бери жайсыз балдарды текшерүү үчүн 11 миӊ короо текшерилген. Ар бир райондо балдарга карата зомбулукту жоюу боюнча штаб түзүлгөн. Иштин натыйжасында балдарга карата кордук боюнча 34 окуя аныкталды.
Мындан тышкары, Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча программа сунушталды. Социалдык көйгөйлөр боюнча райондук администрациялардын өкүлдөрү   тарабынан убактылуу туруу борборлорунун шарттарында балдары бар аялдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүү тажрыйбасы жөнүндө айтылды.


Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү калаанын мектептери арасында өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар жөнүндө баяндашты.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтымында балдарга карата ырайымсыз мамиле жана кордоо учуру катталган учурда ыкчам чараларды  көрүү кызматынын схемасы иштелип чыкты. Ошондой эле, Балдарга жардам көрсөтүү борборунда жана администрацияларда ишеним телефондору иштөөдө.


Аталган тегерек столго калаанын төрт райондук администрацияларынын өкүлдөрү, шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары, Социалдык өнүктүрүү, балдарды жана үйбүлөлөрдү колдоо  бөлүмү, МАБ, Билим берүү башкармалыгы жана Саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлдөрү катышты.